Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Ташиев келгендеги чууда Мамытовдун ордунда эмне кылмаксыз? Шакиевдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Шакиев акыл-эс менен сабырдуу болуп чечим кабыл алуу керектигин айтты.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова төрагалыкка талапкер Нурлан Шакиевди кызматтан кеткен Талант Мамытовдун ордунда болсо эмне кылмактыгын сурады.
"Жакында болгон окуяга окшош кырдаалга туш болуп калсаңыз кандай чыгат элеңиз? Аткаруу бийлиги бул жерге келип кичине бир нерсе болду..." — деп кыйытты депутат.
Шакиев мындай кырдаалда сөзсүз түрдө акыл-эс менен сабырдуу болуп чечим кабыл алуу керектигин айтты.

"Сабырдуу болсоң озорсуң, сабырсыз болсоң осолсуң", "Жоону жеңген баатыр эмес, ачуусун жеңген баатыр" деп айтылып келет. Кудай буюрса, сиздер менен биргеликте сабырдуулук менен өлкөбүз, элибиз үчүн татыктуу чечимдерди кабыл алганга аракет кылабыз", — деди төрагалыкка талапкер.

Мажитова кайра тактап, "Баткенге барганга жеткирбейт белеңиз? Кечээги Кыдыршаевичтин (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев — ред.) кырдаалында..." деп сурады.
Анда да Шакиев бардыгын сабырдуулук, өз ара сый мамиледе чече турганын айтты.
Белгилей кетсек, тажик тарап кол салгандан кийин парламент маселени жабык эшик артында талкуулаган. Төрага баштаган кээ бир депутаттар жыйындан чыгып эле түз Баткенге кетишкен. Кийинчерээк Адахан Мадумаров ал күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖКга эки ящик автомат көтөрүп киргенин айткан.
Депутат Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Жаңылыктар түрмөгү
0