Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дүрбөлөң уулу: ар бир кыргыз баласы ат мингенди үйрөнсө деген максатта иштейбиз

© Sputnik / Табылды КадырбековБерейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу
Берейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жазылуу
Берейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу Бишкектеги эс алуу борборунун биринде жылкыларды багып, каалоочуларга ат минүүнү үйрөтөрүн айтты.
Айыл жергесинде жылкыга жакын болуп өскөндүктөн келечегимди да ушул жаныбарларга байладым. 2014-жылдан бери жылкыларга кам көрүп, тарбиялап-өстүрүп келем. Аттарга кызыгуума Кыргызстандын эң мыкты саяпкерлеринин бири, улуу агам Эдил Дүрбөлөң уулу себепкер болду. Бул тууралуу Мирлан Дүрбөлөң уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Дүрбөлөң уулу: ар бир кыргыз баласы ат мингенди үйрөнсө деген максатта иштейбиз
Анын айтымында, парктагы жылкыларга кадимки чөп менен биргеликте атайын даярдалган витаминдүү жем, сабиз, алма берилет.
"Учурда Бишкектеги эс алуу борборунун биринде жылкыларды кармап, каалоочуларга ат минүүнү үйрөтөбүз. 25-30га чукул жылкы кармайбыз. Арасында таза кандуу англис, француз, шленский жана жаңы кыргыз тукумундагы аттар, ошондой эле понилер бар. Мисалы, англис тукумундагы аттар мыкты чуркагандыктан жарышка даярдалат. Ал эми француз тукумундагы жылкылар, понилер клип, сүрөттөргө түшүүгө ылайыктуу. Себеби териси сулуу келет. Жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар ат минүүнү үйрөтүүгө колдонулат. Биз ар бир кыргыз баласы ат мингенди үйрөнсө деген максат менен иштеп жатабыз. Негизи ар бир жылкынын кыялы болот. Бирок биз кичинесинен алып келип, үйрөтүп, тарбиялап багабыз", — деди Дүрбөлөң уулу.
Ал келечекте ат чабыш, улак тартышка ылайыктуу мыкты жылкыларды даярдаган саяпкер болуу максаты бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0