Bloomberg: Батыш 1949-жылдан бери боло элек кризистин босогосунда турат

© Sputnik / Нина ЗотинаАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Жазылуу
АКШ менен Европа мамлекеттеринде инфляциянын өсүшү соңку 10 жылдыктагы рекордду жаратууда.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Борбордук банктары инфляцияны токтотууга аракет кылып пайыздык коюмдарды көбөйтүп жатат, ал мамлекеттик облигациянын кыйрашына алып келет. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
"Дүйнөдөгү суверендүү облигациялар рыногу Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин араң бутка турган 1949-жылдан берки көрсөткүчтөн төмөн болуп кетти", — деп жазган Bank of America эксперттери.
АКШнын Федералдык резерв системасы жана башка батыштык борбордук банктар пандемия убагындагыдай экономиканы колдоо үчүн базалык пайыздык коюмду нөлдө кармашкан жок. Bloomberg дал ушундай бурулуш олуттуу таасир этти деп эсептейт.
Ошондой эле Американын Федералдык резерв системасы ушул жумада базалык пайыздык ставканы көтөрөрүн жарыялап, дүйнөлүк экономиканын талуу жерине сокку урганы белгиленди. Ставка май айынан бери инфляциянын өсүшүн токтотуу үчүн үч жолу көтөрүлгөн.
АКШ менен Европа мамлекеттеринде инфляциянын өсүшү соңку 10 жылдыктагы рекордду жаратууда. Москвага каршы санкциялар жана Россиянын мунайынан баш тартуу биринчи кезекте газдын кымбатташына алып келди. Анын жыйынтыгында Батыштагы өнөр жай ишканалары атаандаштык жаратчу артыкчылыктарынан ажырап, ал экономиканын башка тармактарына дагы таасир этти.
Европа биримдигинин желеги жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Европада энергетикалык каатчылык күч алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0