Forbes: Месси "Барселона" клубуна кайтууну ойлонуп көрүүгө даяр

© AP Photo / Manu Fernandez"Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) клубунун чабуулчусу, атактуу футболчу Лионель Месси. Архив
Пари Сен-Жермен (ПСЖ) клубунун чабуулчусу, атактуу футболчу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Учурда спортчунун Франциянын командасы менен келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.
БИШКЕК, 24-сен — Sputnik. "Пари Сен-Жермен" (ПСЖ) клубунун чабуулчусу, атактуу футболчу Лионель Месси "Барселона" клубуна кайтууну ойлонуп көрө турганын билдирди. Бул тууралуу Forbes жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Испаниянын бул клубунун президенти Жоан Лапорта футболчуну "Барселонага" кайтарууну көздөп телефон чалган. Лапорта мурда келишимди мурда узарта албаганы үчүн оюнчудан кечирим сураган.
Месси Лапортага азыр көңүлүнүн баары ноябрда өтө турчу дүйнө чемпионатында экенин айткан. Андан кийин гана "Барселона" клубуна өтүүнү карап чыгууга даяр экенин белгилеген.
34 жаштагы аргентиналык футболчу ПСЖга 2021-жылдын августунда кошулган. Испаниялык клуб каржы көйгөйүнөн улам аны менен келишимди узарта албай калган. Анын Франциянын командасы менен келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.
Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Месси: кийинки дүйнө чемпионаты Аргентина командасындагы акыркы оюнум болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0