КРдин төрагалыгы алдында ЕЭК кеңешинин отуруму өттү. Кабыл алынган чечимдер

© Фото / Пресс-служба кабинета министровМосквада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү
Москвада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Күн тартибинде 60 маселе каралып, бир нече маанилүү чечим кабыл алынган.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жума күнү, 23-сентябрда, Москвада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Отурумдун күн тартибинде 60 маселе каралып, бир нече баяндама угулган. Маанилүү чечимдерден ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери маселеси болгон.
Мындан тышкары, ЕЭК кеңеши сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоого чыгарылган жана жогорку технологиялык дары-дармектерди маркалоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасын бекиткен.
Кеңештин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин да талкуулаган.
Мындан сырткары, ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык туруктуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларынын мөөнөтү узартылган. Тараптар 2023-жылдын 1-апрелине чейин 471 товардык позициянын 370ине бажы алымдарын нөлгө түшүрүүнү колдогон.
Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер союзунун президенти, ЕАЭБдин ишкердик кеңешинин башчысы Данил Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Радио
Ибраев: байкоочу макамдагы мамлекеттер ЕАЭБге мүчө болуп калуусу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0