Запорожье облусунда референдум жакынкы күндөрү өтүшү ыктымал

© Sputnik / Максим Захаров / Медиабанкка өтүүРоссиянын желеги. Архив
Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Запорожье аймагынын кайсы жакка таандык экендиги боюнча суроолорго чекит коюшубуз керек дешкен жарандык активисттер.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Запорожье облусунун Россиянын курамына кириши боюнча референдум жакынкы күндөрү өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Мы вместе с Россией" кыймылынын төрагасы Владимир Рогов билдирди.
Мелитополь шаарында Запорожье облусунун жалпы элдик съезди болуп, Россияга кошулуу боюнча референдум өткөрүү маселеси каралган. "Мы вместе с Россией" кыймылынын төрагасы Владимир Рогов жана кыймылдын башка мүчөлөрү аталган облустун администрация жетекчиси Евгений Балицкийге кайрылган. Анда Россияга кошулуу боюнча референдумду тезирээк өткөрүү боюнча айтылган.
"Жалпы элдик добуш берүү жакынкы күндөрү өтүшү мүмкүн. Биз алдыдагы жашообуздун нугу так билингенин, туруктуулукту жана бактылуу келечекти каалайбыз. Добуш берүү боло турган жарыяны чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биз өзүбүздү аныктоо боюнча кадамдарды жасап, Запорожье аймагынын кайсы жакка таандык экендиги боюнча суроолорго чекит коюшубуз керек", — деген Рогов РИА Новостиге.
Анын айтымына караганда, Россиянын аймагына кошулгандан кийин Запорожьеде бакубаттык, коопсуздук, тынчтык жана тартип орнойт.
Атайын операциянын жүрүшүндө россиялык аскерлер Запорожьенин Азов бөлүгүн, Херсон облусунун бардыгын, андан сырткары Херсон, Мелитополь жана Бердянск шаарларына көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алды. Эки аймакта тең жаңы администрациялар түптөлүп, россиялык телеканалдар көрсөтүлүп, радио берүүлөр обого чыга баштады. Крым менен соода, транспорттук байланыш калыбына келди. Ал эми аймактар Россиянын курамына кирүү маселесин көтөрүп чыга баштады.
Россиянын жана ЛНРдин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР менен ЛЭР Россияга кошулуу үчүн референдум өткөрүүгө даярданып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0