Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенде талкаланган турак жай, объектилер боюнча соңку маалымат айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБаткен облусунун Ак-Сай айылында талкаланган имарат
Баткен облусунун Ак-Сай айылында талкаланган имарат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Бул акыркы маалымат эмес, изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев тажик тараптын кол салуусунан талкаланган объектилер тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат.
Куралдуу кагылышууда төмөндөгүлөр талкаланган:
турак жайлар — 364;
чарбалык курулуштар — 168;
социалдык объектилер — 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);
стратегиялык объектилер — 5;
кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери — 149;
автоунаа — 9.
Бул акыркы маалымат эмес, изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.
Территорияны минадан тазалоодо КР саперу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чочубагыла! Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерлер минадан тазаланат
Жаңылыктар түрмөгү
0