АКШ кайрадан мунай резервин ачканы турат. Сереп

© AP Photo / Gregory BullАКШдагы мунай казуучу станция. Архив
АКШдагы мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Жазылуу
Декабрда күчүнө кире турган россиялык мунайга салынган чектөө Батышты санаага салды. Энергетикалык ресурстардын таңсыктыгы гана эмес, кымбатчылык да каптаары күтүлүүдө. АКШ күйүүчү майдын баасын стратегиялык резервди ачып, сатуу менен ооздуктоого белсенди.
Америкалыктар мунай корунан канча көлөм чыгарат жана мындай интервенциялар кымбатчылыктан куткарабы деп суроо салат Наталья Дембинская. Серепчинин кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Баалар асман чапчып кетпейби?

Ушундай жагдайдан катуу чочулап турушат. Европа биримдигинин санкцияларынын алтынчы топтомуна ылайык, быйыл 5-декабрда Россиядан мунай, ал эми 5-февралдан тарта мунай өндүрүмдөрүн алууга тыюу салынат. "Чоң жетиликке" кирген өлкөлөр россиялык көмүр суутектеринин баасын да кармап калууга ниеттенишет.
Ал эми чектөөлөрдү жактагандарга сырье сатууну да токтоторун Москва эбак эскерткен. Талдоочулардын баамында рыноктун туруксуздашынан качып кутула албайбыз. Анын кесепетинен эң оболу европалык жана америкалык керектөөчүлөр жабыр тартат.

Кыйын күнгө камылгадан "кертип"...

Bloomberg агенттигинин маалыматына таянсак, Байдендин администрациясы "стратегиялык резервден кошумча көлөмдөрдү сатуу" жагын да караштырып, мунайдын баасын ооздуктоонун ыкмаларын издөөдө.
Эксперттердин пикиринде, дүйнөлүк рынокто Европанын россиялык энергетикалык ресурстардан баш тартышы суроо талаптын да, баанын да өсүшүнө алып келет. Эгер Ак үй резервдерин ача турган болсо, күйүүчү май интервенциялары ноябрь, декабрь жана январда болушу ыктымал.
АКШнын өзгөчө кырдаалдар үчүн Луизиана жана Техаста жер алдына катылуу турган стратегиялык мунай (SPR) эбегейсиз запас. 2021-жылдын аягында болжол менен 600 миллион баррель деп эсептешкен. Бирок бензиндин кескин кымбатташынан улам аны ачууга туура келген. Март айында Байден жарым жыл аралыгында рынокко кошумча 180 миллион баррель чыгарыларын маалымдаган. Бул болуп көрбөгөндөй чара экенин баса белгилейли. 2000-жылы да түндүк-чыгыш штаттарда күйүүчү май жетишпей, ал эми 2011-жылы "араб жазынан" улам 30 миллион баррелден ашпаган көлөмдө чыгарышкан.
2021-жылдын аягында да бааны 100 доллардан ашырбоо үчүн азыраак көлөм бөлүшкөн. Андан деле майнап чыккан эмес.
АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
АКШ: Россиянын Украинада да, андан тыш да колдоно турган аскер күчү эбегейсиз

Таасири көпкө созулган эмес

Бул ирет резервден канча көлөм чыгарылары так айтыла элек. SPR корунда ушул тапта — 442,5 миллион баррель бар. Байдендин планы жүзөгө ашырылса 388 миллиондой калат. Бул 1984-жылдын январынан берки эң төмөнкү көрсөткүч экенин белгилейт Capital Lab өнөктөшү Евгений Шатов. Бирок мындай чаранын таасири деле көпкө узабастыгын айтат ал.
"АКШдагылар мунай корун толугу менен сарптап салышпасы анык. Жарым жылга чектөө да каралган, анткени кен казууну суткасына миллион баррелге жогорулатуу да сунушталган. Бирок 0,3 миллион гана, тагыраак, күнүнө 12 миллионго чейин гана кошулган", — деп тактап өттү эксперт.
Аналитиктер мунайдын дүйнөлүк рыногу ушул тапта суроо-талап жана сунушка ылайык тең салмактанган. Анан да баанын көтөрүлүшүнө жыл соңунда күчүнө кире турган чектөөлөр гана таасир этпейт. Сырье рецессиянын, ошондой эле Кытайда ковиддин кайра күчөп кетиши мүмкүндүгүнөн улам арзандоодо. Эсиңиздерде болсо, аталган өлкөдө кымындай коркунуч туулган учурда да бүтүндөй район, калаалар жабылып калат.
"Июндан тарта мунайдын баррели 127 доллардан арзандай баштаган, сентябрдын аягында 80 доллардан төмөн болушу мүмкүн", — дейт Total Research стратегиялык изилдөөлөр департаментинин адиси Михаил Оганезов.
Анткен менен Кытайдын узакка созулган локдаундарынан чыгышы керектөөнү да, ага жараша бааны да жогорулатып жибериши мүмкүн. Америкалык резервдер рыноктун динамикасына таасир эте алары күмөн.
"Стратегиялык корду арзан сатуу бир нече аптага гана созулса керек", — деп боолголойт Синара инвестициялык банкынын аналитикалык бөлүмүнүн директору Кирилл Таченников.
Вашингтон өлкө аймагында гана бааны кармай алышат. Шайлоодон кийин конгресс бензиндин наркы асман чапчып турганда резервдик мунайды экспорттоого батынары арсар.
Германиянын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
The Economist: Германия бүтүндөй өнөр жай системасынан кол жууй турган болду
Жаңылыктар түрмөгү
0