Владимир Путин Садыр Жапаровду эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Жазылуу
Ушундай эле куттуктоолорун Россиянын бийлик башында турган аткаминерлер да жиберген.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганын РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Россия лидери кайрылуусунда эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ар тараптан өнүгүп жатканын белгилеген.
"Биргелешкен күч-аракет менен биз эки элдин жыргалчылыгы, аймактык коопсуздук жана туруктуулукту чыңдоо үчүн орус-кыргыз мамилелеринин мындан ары да өнүгүшүн камсыздай беребиз деп ишенем", — деп жазылат Путиндин куттуктоо сөзүндө.
Ушундай эле телеграммаларды Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, РФ Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, Жогорку соттун төрагасы Вячеслав Лебедев да жибергени айтылды.
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт? Программа
Жаңылыктар түрмөгү
0