Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Кесилип кетесиң". Харьковдо мугалимдерди да коркутушкан. Видео

Жазылуу
Көптөр иштен баш тартып, эки айга жакын жаңы мугалимдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө туура келген.
Харьков облусунун Волчанск райондук администрациясындагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Вера Сороковая Киев режими тарабынан жергиликтүү мугалимдерге коркутуп-үркүтүү болгондугун билдирди.
Андан сырткары, мындай нерсе алардын ишине кандай таасир кылгандыгын айтып берди.
"Июнь-июлда чындыгында эле оор болду, мугалимдерге ар кыл коркутуп-үркүтүүлөр жасалды. Социалдык тармактан сырткары Украинанын расмий ЖМКлары тарабынан да айтылды, себеби ал кезде украин каналдары иштеп жаткан. Эл чындыгында эле администрациялык кызматка иштегенден, мугалим болгондон коркту. "Биздикилер — украиналыктар кайтып келгенде силер 10-15 жылга кесилесиңер" деген нерселерди да айтышкан", — деп баяндады Сороковая.
Мындай кеп-сөздөрдөн кийин көптөр иштен баш тартып, эки айга жакын жаңы мугалимдерди издөөгө, башкаларына түшүндүрүү иштерин олуттуу жүргүзүүгө туура келген. Жыйынтыгы жаман болгон жок.
"Акырында иштейм дегендер келишти", — деп кошумчалаган ал.
Тема боюнча:
Путин Россия аймагынан ДЭР, ЛЭР жарандарын чыгарып салууга тыюу салды
Жаңылыктар түрмөгү
0