Алсырады... Украинанын көз карандысыздыгы боюнча инфографика

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУкраина герби. Архивдик сурөт
Украина герби. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Жазылуу
Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында украин экономикасында болгон окуялар дүйнөдө кездешкен эмес.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы Украинанын көз карандысыздыгы боюнча инфографика жарыялап, бул жылдары бир кезекте кубаттуу республиканын катарына кошулган өлкөнүн кедеринен кеткен учурларын тизмектеген.
Экономикалык жактан өзүн-өзү өлтүрүүгө 31 жыл.
1990-жылы Deutsche Bank ар бир постсоветтик республиканын экономикалык келечегине божомол жасаган;
Алардын ичинен Украина эң жакшы потенциалы менен айырмаланган. Бирок баары башкача болуп кетти;
Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында украин экономикасында болгон окуялар дүйнөдө кездешкен эмес. 1990-1994-жылдары улуттук дүң продукция 44, өнөр жай көлөмү 41, улуттук киреше 54 пайызга кыскарган;
Маалымат үчүн: АКШдагы улуу депрессия учурунда өнөр жайдын төмөндөшү 25 пайыздан көп болгон эмес, ал эми СССРде эң көп ылдыйлоо 30 пайыздын чегинде турган.
Украина — мурдагы СССРдин ичинен 1990-жылдагы деңгээлге жетпей калган бирден-бир республика;
Жашоочулардын бакубаттыгы боюнча жыл сайын жасалган рейтингге ылайык, Украина көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тарта 43-орундан 74-орунга түшкөн;
Кээ бир тармактарда лидерликке чыгууга мүмкүн болгон эмес. Көз карандылыктын учурундагы көп жылдарда Украина Молдова менен бул жаатта лидерликти талашып, Европадагы эң кедей өлкөлөрдөн болуп калууда.
РФ Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Володин: Украина финансылык көз карандысыздыгын жоготту
Жаңылыктар түрмөгү
0