Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: АКШ Украинадагы абалдын курчуп кетишинен кооптонууда

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраина аскерлери. Архивдик сүрөт
Украина аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Мэннингдин пикиринде, Вашингтондун Кытайга карата жүргүзгөн тышкы саясаты өтө орой. Бирок Россиянын атайын операциясына түздөн-түз кийлигишүүгө батына албай жатат.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. АКШ Украинанын жеңишке жетерине ишенбей калды. Жогорку технологиядагы курал-жарак жөнөтүп жаткандыктан Вашингтон абалдын курчуп кетишинен кооптонууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын глобалдык маселелер боюнча мурдагы жардамчысы Роберт Мэннингдин айтымына таянып Hill жазды.
Эксперттин пикиринде, Вашингтон Кытайга карата тышкы саясатын орой жүргүзүүдө. Бирок Россиянын атайын операциясына түздөн-түз кийлигишүүгө батына албай жатат.
"АКШ Украинадагы чыр-чатакка этияттап мамиле кылууда. Алар союздаш мамлекеттерди бириктирип, аскердик техника берип, жеке түзүмдү окутуп жатканы менен операцияга түздөн-түз кийлигише алган жок", — деди ал.
Мурдагы аткаминер Тайвандагы кырдаалга салыштырмалуу АКШнын Киев алдында коргонуу жаатында эч кандай милдети жок экенин белгилеген.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүүдө. РФ лидери Владимир Путин анын милдетин "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Президенттин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
ЦРУнун эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
АКШ чалгын кызматынын Украина боюнча кутумдугунун бети ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0