Дарыгер кош бойлуулукту жеңилдетчү мөмөнү атады

© Фото / Pixabay / StockSnapКош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт
Кош бойлуу аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2022
Жазылуу
Бул жемиш авитаминоз жана гиповитаминоз менен күрөшүүгө жардам берет. Бирок гастрити жана аллергиясы бар адамдар абайлап жеши керек.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүлдүркөн көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ жана кош бойлуу кезде организмге жакшы жардам берет. Бул тууралуу диетолог Елена Соломатинага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүФестиваль блюд северной кухни "Вкус Арктики" в Мурманске
Фестиваль блюд северной кухни Вкус Арктики в Мурманске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
"Бул жемиште Е витамини көп. Ал түйүлдүктү көтөрүп жүрүүдө жана төрөт учурунда абдан зарыл. Мындан тышкары, бүлдүркөн денени ашыкча суюктуктан жана токсиндерден арылтуучу клетчаткага бай", — деди адис.
Ошондой эле ал авитаминоз жана гиповитаминоз менен күрөшүүгө жардам берет. Бирок гастрити жана аллергиясы бар адамдар абайлап жеши керек.
Акушер столу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Бойдон түшүп калуу алдыдагы инсульттун белгиси болушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0