"Кепилдик фонду" кыргызстандыктарга ипотекага үй алууга жардам берет. Мыйзам

© Фото / пресс-служба ОАО "Гарантийный фонд"Кепилдик фонду желеги. Архив
Кепилдик фонду желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Жазылуу
Ведомство жаңы мыйзам ипотекалык кредит мамлекеттик программасынын катышуучуларына кандай жеңилдик берерин айтып берди.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Кепилдик фонду" ишканасы кыргызстандыктарга мамлекеттик ипотека боюнча баштапкы төлөмүн төлөөгө жардам берет.
Ведомство президент Садыр Жапаров "КР Кепилдик фонду жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алганын белгиледи. Ал 27-августта күчүнө кирет.
Өзгөртүүгө ылайык, ипотекалык кредит мамлекеттик программасынын катышуучуларынын баштапкы төлөмгө каражаты жок болсо, фонддон кепилдик ала алышат. Банктар фонддун кепилдиги менен жарандарга ипотекалык кредит бере берет. Азыркы учурда турак жай алууда баасынын 10дон 30 пайызга чейинки бөлүгү баштапкы төлөм катары талап кылынат.
Ошондой эле "кепилдик портфели" деген жаңы продукт киргизилди. Банктар "Кепилдик фондунун" кепилдик портфели менен эле кредит бере берет. Ал банктарга кредиттик тобокелчиликтерди азайтат, насыя алуу табыштамасын кароо мөөнөтүн жана документтердин санын кыскартат, ошондой эле кредит берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрөт.
Фонд мыйзамдын өзгөртүлүшү кредит берүүлөрдүн көбөйүшүнө, ишкерлерге кепилдикти камсыздоого өбөлгө болуп, алардын өнүгүшүнө жана жумушчу орундардын көбөйүшүнө шарт түзөрүнө ишеним артат.
Батир бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жеңилдетилген ипотека алууну каалагандар кайда кайрылса болот? Телефондор
Жаңылыктар түрмөгү
0