Эрдоган менен Зеленскийдин жолугушуусундагы урунттуу учурлар

© AFP / TURKISH PRESIDENTIAL PRESS SERVICE Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту.
 Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
Сүйлөшүүдө Түркия Украинадагы инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам бере турганы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушту. Анын жыйынтыгын түрк лидери РФ башчысы Владимир Путин менен талкуулоо ниети бар экенин РИА Новости жазды.
Түркиянын башчысы Украинанын Львов шаарына келген. Жолугушууга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышты.
Сүйлөшүүдөгү урунттуу учурлар:
Түркия Украинадагы инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берет, меморандумдарга эки өлкөнүн тиешелүү министрлери кол койгон;
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Запорожье АЭСинин жарандык макамын калыбына келтирип, аймактын коопсуздугун камсыздоо боюнча тез арада макулдашууга чакырган. Ал объект аскердик операциянын алкагында колдонулбашы керектигин белгилеген;
Президенттер азык-түлүк келишими, коргонуу маселеси тууралуу кеп кылышкан;
Эрдоган маалымат жыйында "бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгына Путин мырза менен баа беребиз" деген.
Владимир Зеленский жолугушуудан кийин Москва менен сүйлөшүү орус аскерлери Россия көзөмөлдөгөн аймактардан чыгарылгандан кийин гана мүмкүн экенин айткан.
Запорожье АЭСи. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия: Киев Запорожье АЭСи боюнча ири чагымчылык даярдап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0