Августтун аягында Бишкекте веложүрүш өтөт

© Sputnik / Антон ДенисовВеложүрүштүн катышчуулары
Веложүрүштүн катышчуулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
Спорттук иш-чара Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 28-августта Бишкекте "Ден соолук менден башталат!" деген ураандын алдында веложүрүш өтөрүн мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин администрациясы менен биргеликте Вело friends позитив kg коомдук уюмунун жана "Алтын дөңгөлөк" велоклубунун колдоосу менен уюштурмакчы.
Программасы:
Веложүрүшкө катыша тургандар саат 09:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чогулат;
Каттоо саат 09:00дөн 09:30га чейин;
Катышуучулардын тизмесин түзүү саат 09:45те;
Саат 10:00дө веложүрүш башталат.
"Велосипедчендер Эски аянтка чейин барышат. Ал жакта спорттук иш-чаранын салтанаттуу жана оюн-зоок бөлүктөрү болот", — депр жазылат маалыматта.
Мэрия жарышка бардык велосипедчендерди чакырып өткөн.
Теннисист во время игры. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Кыргызстанда теннис боюнча ири турнир өтүп, 20дай өлкөдөн спортчу келет
Жаңылыктар түрмөгү
0