Элчилик: АКШ өзөктүк державалардын кагылышуусун шартташы мүмкүн

© Sputnik / Михаил Тургиев / Медиабанкка өтүүРоссиянын Вашингтондогу элчилиги. Архив
Россиянын Вашингтондогу элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Дипөкүлчүлүк АКШнын Россиянын иш-аракеттери өзөктүк держава статусуна дал келбейт деген риторикасына да көңүл бурган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Украина кырдаалында АКШнын Россия менен гибриддик тирешүүгө тартылуу кадамдары эскалацияга жана өзөктүк державалардын аскердик кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчилиги кабарлаганын РИА Новости жазды.
Дипөкүлчүлүк АКШ администрациясынын Россиянын иш-аракеттери өзөктүк держава статусуна дал келбейт деген риторикасына көңүл бурганын белгилеген. Элчилик Хиросима менен Нагасакинин элин атомдук бомбалоого дуушар кылган өлкөдөн Россияны өзөктүк чөйрөдөгү жоопкерчиликсиздиги боюнча айыптоолорун угуу коркунучтуу деп эсептешет.
"Украина кырдаалында АКШнын Россия менен тирешүүгө тартылган кадамдары өзөктүк державалардын кагылышына алып келиши ыктымал", — деп жазылат элчиликтин маалыматында.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинджер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киссинджер: АКШ Россия жана Кытай менен согушуу коркунучунда турат
Жаңылыктар түрмөгү
0