Тырышып, чөгөлөп... Арзыган кызынын колун сураган испан спортчусунун видеосу

Жазылуу
Ironman Tallinn турнирине катышкан испаниялык спортчу финиште сүйгөн кызынын колун тизелеп туруп суроону, ага шакек тагууну пландаган.
Триатлонист Кристиан Мориатейлдин Эстонияда өткөн Ironman Tallinn таймашында романтика коштогон кадамы менен арзыган кызына шакек тагуу аракети бир аз башкачараак болуп, аны жанындагылар жөлөп-таяп, көмөк көрсөтүүгө туура келген.
Видео социалдык тармакка жарыяланды.
Спортчу өткөн дем алыш күндөрү турнирге катышкан. Ал 40-44 жаштагылар арасындагы жарышта алтынчы болуп келген. Мориатейл андан соң дароо эле сүйгөн кызына кайрылып, тизелеп туруп шакегин сунганга аракет кылып, бирок тарамышы тартылгандыктан ага чамасы жетпей үстөмөндөп жатып калган. Аны көргөндөн кийин жанында тургандар жардамга келип, дагы бирөө укалап тарамышын жумшартууга аракет кылып, акыры спортчу арзыганына сунушун айтып, кыз макулдугун билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0