34 жылдан бери директор. Кармалган Юрий Низовский жөнүндө эмне белгилүү

© Фото / сайт УК АФМШЛ №61 Якира Е.Б.Директор бишкекской АФМШЛ № 61 Юрий Низовский
Директор бишкекской АФМШЛ № 61 Юрий Низовский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
2021-жылдын август айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Даңк медалы ыйгарылган.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги укук коргоо кызматкерлери тарабынан коррупцияга шектелип кармалган №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовскийдин өмүр баянын жарыялайт.
Ал жетектеген мектеп өлкөдөгү эң күчтүү окуу жайлардын бири болуп эсептелет. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Низовский балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемесине жана 1-класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн бир нече жолу акча алган деп шектелүүдө.
Низовский Юрий Николаевич 1955-жылы 2-апрелде Россиянын Грозный облусунун Комсомольское айылында туулган.
1977-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
1977-1979-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолу:
1979-1986 — №18 мектепте дене тарбия мугалими;
1986-1988 — №1 мектеп-интернатынын директорунун орун басары;
1988-1993 — №19 мектептин директору;
1993-жылдан ушул учурга чейин №61 мектеп-лицейинин директору.
Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими.
Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин 21-чакырылышынын депутаты, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 23-чакырылышынын депутаты болгон. 2010-жылдагы шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн.
2021-жылдын август айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Даңк медалы ыйгарылган.
Кишенчем адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
УКМК: №61 мектептин директору Низовскийдин 150 млн. сомдук 35 мүлкү аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0