Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аскарбекова: инвесторлор ESG принцибин сактаган компаниялар менен иштешет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сенти" финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова
Сенти финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
"Сенти" финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова Кыргызстанда да экологияга зыян келтирбеген компанияларга артыкчылык бериле баштай турганын кошумчалады.
ESG принцибин сактаган компанияларга инвестиция тартуу, кирешесин жогорулатуу жеңилирээк болот. Бул тууралуу Мээрим Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Аскарбекова: инвесторлор ESG принцибин сактаган компаниялар менен иштешет
Анын айтымында, Кыргызстан ESG стандарттарын колдонуу тажрыйбасын жайылтып, рынокто жакшы деңгээлге чыкса болот.
"2000-жылдары Бириккен Улуттар Уюму тарабынан ESG (Environmental, social and governance) принциптери кабыл алынган. Аны БУУнун мурдагы башкы катчысы сунуштап, учурда бул стандарттар бизнесте, компанияны башкарууда абдан актуалдуу. Бул түшүнүк экология, социалдык саясат, корпоративдик башкарууну түшүндүрөт. ESG принцибин сактаган компаниялар инвестиция тартууда, кирешесин жогорулатууда жакшы ыкма катары эсептелет. Дүйнөдө ар бир ири компания өзүнүн өнүгүү стратегиясында бул принциптерди кабыл алып, климаттын өзгөрүүсүнө салым кошуп келет. Кыргызстан ESG стандарттарын колдонуу тажрыйбасын жайылтып, рынокто жакшы деңгээлге чыкса болот. Бирок аны жайылтууда мамлекеттин колдоосу да керек. Кийинчерээк бул багыт бизде да актуалдуу боло баштайт", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис ESG принциптерин жайылтууда атайын тегерек столдорду, жолугушууларды уюштуруу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0