Кыргызстанда оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны кыскарды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармап турган адам. Иллюстративдүү сүрөт
Бычак кармап турган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Жазылуу
Кылмыш азайган аймактардын сап башында Ысык-Көл (33,7 пайыз), Талас (24,1 пайыз) жана Ош (18,4 пайыз) облустары турат.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын алты айында оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны дээрлик 30 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянып билдирди.
2022-жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 23,3 миң кылмыш катталып, алардын саны былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 0,7 пайызга азайган.
Кылмыштардын негизги бөлүгүн (73 пайыздан ашыгы) менчикке каршы мыйзам бузуулар түзгөн. Калган кылмыштар көбүнесе уурулук, тоноо, опузалоо жана алдамчылык фактылары боюнча катталган.
"Оор кылмыштар тууралуу айта турган болсок, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу фактыларынын саны 1,9 эсеге, денеге оор залал келтирүү 4,4 пайызга, адам өлтүрүү 2,1 пайызга азайган", — деп айтылат кабарда.
Кылмыш саны азайган аймактардын сап башында Ысык-Көл (33,7 пайыз), Талас (24,1 пайыз) жана Ош (18,4 пайыз) облустары турат.
Балык уулоочулук компанисы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Өлкөдө ишканалардын саны өстү. Багыты
Жаңылыктар түрмөгү
0