Кыргызстан халал-туризмди өнүктүрөт. Артыкчылыктары

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КРХалал-индустрияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик борбордун директору Алмаз Кайырбеков менен Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
Халал-индустрияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик борбордун директору Алмаз Кайырбеков менен Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Жазылуу
Экономика министрлиги адал индустрия жаңы трендге айланып бара жатканын билдирди.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстан халал-туризмди өнүктүрөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КРХалал-индустрияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик борбордун директору Алмаз Кайырбеков менен Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
Подписание Меморандума о сотрудничестве в целях развития халал туризма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Халал-индустрияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик борбордун директору Алмаз Кайырбеков менен Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту
Халал-индустрияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик борбордун директору Алмаз Кайырбеков менен Туризмди колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Кайырбеков белгилегендей, жогорку бюджеттүү халал-туризмдин перспективалары чоң оптимизм жаратууда. Мусулман рыногундагы туризмге саякаттын бардык глобалдык чыгымынын 11,6 пайызы туура келет.
"Меморандумга кол коюу – бул Кыргызстандын ушул багытта лидерлик позицияларды ээлөөсүнө жол ачкан маанилүү окуя. Борбор бул багыт боюнча эффективдүү жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн бардык күчүн жумшайт", - деди ал.
Министрлик белгилегендей, бүгүн адал тамак-аш, косметология, мода, фармацевтика, кыймылсыз мүлк жана туризм тармагы жаңы трендге айланды.
"Халал-туризм рыноктун маанилүү багыты болуп калды. Себеби мусулман туристтер алардын диетасына, кийимине жана ритуалдарына дал келген жактарды издешет", - дешти министрликтен.
Глобалдык ислам экономикасынын 2018-2019-жылдарга карата отчетуна ылайык, халал-азыктардын дүйнөлүк рыногу менен кызматтары өсүп отуруп 2023-жылы божомолдор боюнча 3 триллион долларга жетет.
Тамак-аш боюнча көз карандысыз эксперт Алмаз Давлетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Тамак-аш адиси Давлетов: "халал" же "нукура" дегенди жарнама деп да түшүнсө болот
Жаңылыктар түрмөгү
0