Боомдо сел ташкыны тазаланып, жол эки тараптуу ачылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРБоом капчыгайындагы унаа жолунун эки тарабы тең ачылды
Боом капчыгайындагы унаа жолунун эки тарабы тең ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Жазылуу
Бүгүн түштөн кийин жааган жамгырдан улам сел каптап жол жабылып калган.
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Боом капчыгайындагы унаа жолунун эки тарабы тең ачылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин атайын техникасы тартылып, сел жүргөн тилке тазаланып бүткөн.
Буга чейин капчыгайда нөшөрлөп жааган жаандан улам кайрадан сел жүрүп, трасса жабылганы айтылган.
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Көчөлөрдү каптаган ылай суу. Жети-Өгүздө жүргөн селдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0