4-августта Бишкектин 26 көчөсүндө жарык болбойт

© AFP / ASIF HASSANЭлектр линиясын оңдоочу техник. Архив
Электр линиясын оңдоочу техник. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Жазылуу
Бейшемби күнү мекеменин бригадалары зымдарды, эсептегичтерди орнотуу, электр трансформаторлорун алмаштыруу, жабдууларды оңдоо боюнча жумуштарды аткарат.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкектин 26 көчөсүнүн айрым жерлеринде 4-августта жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсы кабарлады.
Бейшемби күнү мекеменин бригадалары зымдарды, эсептегичтерди орнотуу, электр трансформаторлорун алмаштыруу, жабдууларды оңдоо боюнча жумуштарды аткарат.
График:
9:00дөн 15:00гө чейин — 12-кичи райондо (№42-53 үйлөр);
9:00дөн 17:00гө чейин — Манас жана Щербаков көчөлөрүнүн тилкелеринде, Малдыбаев көчөсү (№9 үй); Горький, Тыныстанов көчөлөрү, Арча-Бешик конушунда (Ак-Таң, Эр-Тайлак, Термечиков, Кара-Кужур, Шералиев, Садыбакасова, Кең-Көл, Ак-Түз, Ак-Марал көчөлөрү);
9:00дөн 18:00гө чейин — Интергельпо, Кумарыкская жана Трудовая көчөлөрүнүн участкаларында, ошондой эле Жогорку Орок жана Төмөнкү Орок конуштарында;
9:30дан 12:00гө чейин — Фрунзе, Буденный, Пионерская жана Огонбаев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
9:30дан 17:00гө чейин — 4-кичи райондо (№45 үй) жана Ынтымак конушунда;
9:30дан 18:30га чейин — Ялтинская, Муса Жалил, Шайыр жана Салиева көчөлөрүнүн айрым тилкелеринде.
Бишкектин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Бишкекте бир нече көчө бир тараптуу болору күтүлүүдө. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0