Ысык-Көл: жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген куш табылды. Сүрөт
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген кара кушту табышкан
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Жазылуу
Канаттуу Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүп берилди.
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген кара кушту табышкан. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген кара кушту табышкан
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген кара кушту табышкан
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлерине Түп районунун тургуну Кызыл китепке кирген канаттууну мыйзамсыз кармап жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
Укук коргоочулар аны тактоо үчүн Сары-Булуң айылына барып, 61 жаштагы тургундун көл жээгинде жайгашкан сарайынан жырткыч кушту таап алышкан.
Аталган факт Түп райондук милициянын электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми канаттуу Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүп берилди.