Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жантаев: муниципалдык кадрлар билим берүү жана маданият тармагына ооп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев
Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаев муниципалдык кадрларды стимулдаштыруу зарылдыгын белгиледи.
Муниципалдык кадрлар билим берүү жана маданият тармагына ооп жатат. Бул тууралуу Элчибек Жантаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Жантаев: муниципалдык кадрлар билим берүү жана маданият тармагына ооп жатат
Анын айтымында, бул аталган тармактарда маянанын көтөрүлгөнүнө байланыштуу болууда.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында алардын маянасын көтөрүү зарыл. Муну өлкө жетекчилиги жакшы түшүнүп, 1-августтан тарта эмгек акыны көтөрүү мерчемделүүдө. Бул ишке ашса аларга коюлган талаптар күчөйт. Анткени муниципалдык кызматтарга жыл башында 1200 бош орун болсо, бул көрсөткүч 100гө көбөйдү. Мониторингде бул билим берүү жана маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлгөнү менен байланыштуу. Себеби муниципалдык кызматтагылар ошол тармактарга ооп жатышат", — деди Жантаев.
Жаңылыктар түрмөгү
0