УКМК: Өзбекстанга малды мыйзамсыз айдап кетүүгө аракет кылган киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө 78 жаш кой-эчки айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө 78 жаш кой-эчки айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Жазылуу
Тийиштүү документтер даярдалгандан кийин кармалган жаран жана мал-жандык тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилген.
Бишкек, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз түрдө 78 жаш кой-эчки айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Окуя бүгүн Ала-Бука районунда болгон.
"Чек арачылар аткезчиликке жол бербей, Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын 24 жаштагы тургунун кармады. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, чыгарып кетүүгө аракет жасаган малдын баасы 780 миң сомго бааланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Тийиштүү документтер даярдалгандан кийин кармалган жаран жана мал-жандык тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилген.
Аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Бишкекте аскер бөлүктө баңгизат сатып жаткан жеринен жоокер кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0