Ысык-Көлдө сүзүп жүргөн кемеден кара түтүн чыгууда. Күбөнүн видеосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЫсык-Көлдө сүзүп бараткан кеме. Архив
Ысык-Көлдө сүзүп бараткан кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2022
Жазылуу
Ичиндеги адамдарды скутер менен эвакуациялап кетишти.
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө сүзүп жүргөн кемеден уюлгуган кара түтүн чыгууда. Бул туурасында ал жакта эс алып жүргөндөр, окуяны көргөндөр билдиришти.
Алардын айтымында, окуя Булан-Сөгөттү айылы тарапта болгон, жардамга алты скутер кеткен.
ӨКМдин маалыматы боюнча, "Альбатрос" теплоходунда өрт чыккан, анын ичиндеги адамдарды скутер менен эвакуациялап кетишти. Жерине өрт өчүрүүчүлөрдүн бир бригадасы барган.
ӨКМден кошумча маалымат беришти. Ошол жердеги пансионаттын аймагындагы "Альбатрос" кемесинин мотору өрттөнгөнүн, куткаруучулар жеткиче өрттү кемедегилер өздөрү өчүрүүгө үлгүрүшкөнүн кабарлашты.
Бишкектеги 8-кичи райондо өрт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Бишкектеги 8-кичи райондо чыккан өрт өчүрүлдү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0