Ысык-Көлдүн суусуна башын шампундап жууган кызды милиция издемекчи

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaБашын жууп жаткан аял. Архив
Башын жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2022
Жазылуу
Милиция алгач видеодогу кыздын ким экенин аныкташы керек.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө башын шампунь менен жууган кызды милиция издөөгө алат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Социалдык тармактарда алгач кыз, андан кийин өспүрүм бала көлгө башын самындап жууп жаткан видео тараган.
"Кызга 10 миң сом айып пул салынышы мүмкүн. Мамэкотехинспекция биздин ички иштер бөлүмдөрүнүн бирине материал жөнөткөнүн билдирген. Бирок азырынча бизге келе элек", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция алгач кыздын ким экенин аныкташы керек.
Ысык-Көлдөгү эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Ысык-Көлдө дагы мушташ чыкты. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0