Үн кошуңуз! Улуттук наркты сактоо программасынын долбоору коомдук талкууга чыкты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекеттик желекти көтөргөн балдар. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекеттик желекти көтөргөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Негизги максат — кыргыз элинин жана Кыргызстан калкынын улуттук наркын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Документте улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу, үй-бүлөдө, коомдук жайларда "нарктуу жүрүм-турумду" киргизүү, кыргыздын руханий маданияты түшүнүгүн системалоо, билим берүү тууралуу айтылган.
Негизги максат — кыргыз элинин жана Кыргызстан калкынын улуттук наркын сактоону жана андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
Документти толугу менен КР президентинин расмий сайтынан көрүүгө болот.
Долбоорго байланыштуу сын-пикир жана сунуштар rukpr704@gmail.com дареги аркылуу 15-августка чейин кабыл алынат.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
"Хан бийлигинен нарк күчтүү". Жапаровдун "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0