Мишустин менен Жапаров телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне маселе талкууланды

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Михаил Мишустин кыргызстандык кесиптеши Акылбек Жапаров менен. Архив
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин кыргызстандык кесиптеши Акылбек Жапаров менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Мишустин менен Жапаров соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча сүйлөштү.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин кыргызстандык кесиптеши Акылбек Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, Мишустин менен Жапаров соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөшкөн.
"Негизинен Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара кызматташуусу боюнча сөз болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин август айында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча да сүйлөшкөн.
инистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жапаров эмнеге кендерди иштетүү керектигин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0