Кытай АКШдан Пелосинин Тайванга сапарын токтотуусун талап кылды

© AFP / SAUL LOEBАКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Буга чейин Пелоси августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айында болушу керек эле.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кытай Вашингтондон АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин Пелоси августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айында болушу керек эле. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болору айтылган.
"Кытай АКШдан "Бир Кытай" принцибине каршы чыкпоосун жана АКШ — Кытай биргелешкен үч коммюникесин сактоого чакырат. Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын уюштурбоосун, Тайвань менен бардык расмий байланыштарды токтотуусун талап кылат", — деди дипломат.
Ал белгилегендей, АКШ Пекиндин пикирине карабастан, иш-аракетин уланта берсе, Кытай мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрөт.
Кытай өкмөтү менен арал провинциясынын ортосундагы расмий мамилелер 1949-жылы үзүлгөн. Ага Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминьдандын аскерлери Тайванга көчүп кетиши себеп болгон. Арал менен материктин ортосундагы бизнес жана бейрасмий байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар Пекин ассоциациясы жана Тайбэйдин кысыктар аралык алмашуу фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша башташкан.
Шанхайдагы Кытай желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
Кытай АКШдан Тайванга курал-жарак сатуу планынан баш тартууну талап кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0