Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бийбосунов: илимде сапатсыз диссертациялар көбөйүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековФизика-математика илимдеринин доктору, профессор Болот Бийбосунов
Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Болот Бийбосунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Болот Бийбосунов акыркы жылдары илимде сапатсыз диссертациялар көбөйүп кеткендигин айтты.
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-жылдарга карата артыкчылык берилген илим тармактарын жарыя кылган. Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жазууда илимдеги приоритеттүү багыттарды карап, ошого байланыштуу эреже менен таанышып алган оң. Бул тууралуу Болот Бийбосунов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Бийбосунов: илимде сапатсыз диссертациялар көбөйүп кетти
Анын айтымында, илимдин кандидаттарынын, докторлорунун көп болушу экономикалык жактан да зыянга алып келет.
"Жыл сайын өкмөт илимди өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарын аныктаган токтом чыгарып, жыйынтык бере турган тармактарга басым жасайт. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-жылдарга карата артыкчылыктуу тармактарды жарыя кылган. Анда айыл чарба, маалыматтык технологиялар, өнөр жай, медицина, биология сыяктуу тогуз багыт каралган. Алсак, кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жазууда илимдеги приоритеттүү багыттарды карап, ошого байланыштуу эрежени эске алып койгону оң. Анткени акыркы жылдары илимде сапатсыз диссертациялар көбөйдү. Илимий коом бул жагдайды түшүнсө, жакшы жыйынтык болор эле. Илимдин кандидаттарынын, докторлорунун көп болушу экономикалык жактан да зыянга алып келет. Аларга 800 жана 1600 сомдон айына төлөнөт. Миңден ашуун илимий доктор, алты миңден көп илимдин кандидатына эле миллиондогон сом кетет", — деди Бийбосунов.
Ошондой эле адис орто билим берүү системасы өлкөдө жакшы абалда болбогону үчүн так илимге кызыккандардын саны аз экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0