Жогорку соттун төрагасы: судьялар тазаланат, мыйзам бузса жаап-жашырбайбыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Архив
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Жазылуу
Базарбеков жарандардын кайрылуусу соттук корпусту тазалоо процессине жардам берерин белгиледи.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо жөн гана жумуш ордун алмаштыруу эмес, анын башкы максаты — сот системасын тазалоо. Бул туурасында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.
Ал судьялардын аракеттери боюнча соңку окуяларга байланыштуу кайрылуу жасаган.
Төрага соттордун ишинин сапатын жогорулатуу жана жоопкерчиликсиз аракеттерин ачыктоо боюнча иштер күчөтүлгөнүн белгиледи.
"Эгер процессуалдык мыйзам бузуулар аныкталса унчукпай жаап-жашыруу болбойт. Судьяларды ротациялоо менен сот системасын тазалоо процесси күчөтүлүп жатканын көрүп турабыз. Жогорку сот жарандык сектор менен тыгыз иштешип, өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө иштерин улантат. Сот системасынын кызматкерлеринин укук бузуулары тууралуу жарандардын кайрылуулары же жарыяланган маалыматтар биз үчүн чоң мааниге ээ. Ал бизге соттук корпусту тазалоо процессине жардам берет", — деди Базарбеков.
Белгилей кетсек, Свердлов районунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки кишини сыртка чыкпоо тил каты менен бошоткону коомчулукта нааразычылык жаратты. Ыплас жол менен зордукталган кыз каза болуп кала жаздаган.
Бул чечимден кийин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайын тактап, судьянын аракетинде өспүрүмдүн укугу бузулган деп катуу реакция жасаган.
Ошондон кийин чечим чыгарган судья отставкага кеткен. Ал эми Бишкек шаардык соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, 6-сентябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизди.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында митинг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Зордукталган 13 жаштагы кыздын таламын талашып. Бишкектеги митингдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0