Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Фармсоюз: Кыргызстан дары-дармекти 30дан ашык мамлекеттен импорттойт

© Sputnik / Табылды КадырбековФармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов
Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстан дары-дармектин көбүн Россиядан, ал эми наркотикалык препараттарды Украинадан сатып алган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстан дары-дармекти 30дан ашык мамлекеттен импорттойт. Бул тууралуу Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстан дары-дармектин көбүн Россиядан, ал эми наркотикалык препараттарды Украинадан сатып алган.
"Өлкөдө каттоодон өтпөгөн дарыларды Кыргызстанга киргизүүгө мүмкүн болгон токтомдун мөөнөтүн узартуу боюнча министрлер кабинетинин чечими актуалдуу жана зарыл. Препараттын басымдуу бөлүгүн Түркия, Индия, Кытай жана Европа мамлекеттеринен алып келебиз деген ойдомун", — деген Асанов.
Эске салсак, бийлик Кыргызстанда бир катар дарыларды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрбөй киргизүүгө уруксат берген токтомдун мөөнөтүн узарткан. Эксперттер мурдараак бул кадам ден соолукка кесепети тие турган сапатсыз дарылардын өлкөгө агыларын айтып, коңгуроо кагышкан.
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Пресс-борбор
Өлкөгө бир катар дарыларды мамкаттоосу жок ташып кирүүгө болот. Алар текшерилеби?
Жаңылыктар түрмөгү
0