Жайында "Ысык-Көл" аэропортунан кайсы өлкө, шаарларга учса болот? Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ысык-Көл" аэропорту. Архив
Ысык-Көл аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Азырынча Ысык-Көлдөн Казакстан, Россияга жана Ош шаарына каттам бар.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 2022-жылдын жай мезгилинде "Ысык-Көл" аэропортунан кайсы өлкө жана шаарларга учса болорун айтып, тизме жарыялады.

Казакстан

Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча каттамдарды SCAT авиакомпаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. 15-июлдан тарта дагы үч каттамга (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү) көбөйтүүнү пландаштырууда.

Россия

Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча каттамдарды "Аэрофлот" авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10-июлдан тарта эки каттамга (шейшемби жана жекшемби күндөрү) көбөйтүлөт;
Москва — Тамчы — Москва багыты боюнча учуулар "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат;
Новосибирск — Тамчы — Новосибирск багыты боюнча учуулар "Сибирь" авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

Ички каттамдар:

Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча учуулар TEZ JET авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.
Тамчы аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жумасына эки жолу учат. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0