Мамдуманын спикери АКШга Алясканы кайтаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу кыйытты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин. Архив
Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Апрелдин аягында Норвегия россиялык жүк ташыгандарга чектөө киргизген. Бул Шпицбергенде жашагандар үчүн маанилүү товарлардын чек арада кармалып калышын шарттаган.
БИШКЕН, 7-июл. — Sputnik. Россиянын өзүнө кайтарып ала турган жерлер бар экенин, мисалы, Алясканы АКШ эсине алышы керек. Бул туурасында Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин айтканын РИА Новости жазды.
"Парасаттуулук — алсыздык эмес, биз да жооп бере алабыз. Америка ал жакта аймактын бир бөлүгү, Аляска бар экендигин эсине алып койсун. Алар чек арадан сырткары биздин ресурстарды пайдаланып, башкарууга аракет кылар алдында бир саамга ойлонсун, биздин да кайтарып алчу нерселерибиз бар", — деген ал.
Парламентарий кечээ Норвегия менен келишимди денонсациялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, ал эми бүгүн Осло мурда кармалып турган контейнерлерди өткөрүүгө уруксат бергендигин айтты.
"Элестетсеңер, эгерде биз тапшырма берип талап кылбасак, Америка балыктарын жөнөткүсү бар", — деген Володин.
Апрелдин аягында Норвегия россиялык жүк ташыгандарга чектөө киргизген. Бул Шпицбергенде жашагандар үчүн маанилүү товарлардын чек арада кармалып туруп калышын жараткан.
Кийинчерээк Осло архипелагдагы россиялык поселоктор үчүн жүктү өткөрүү үчүн берилген арызды четке каккан. Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев бул чечим 1920-жылдагы Париж келишимин бузгандыгын айткан. Ал документте тараптар жүктөрдү эч кандай чектөө койбой киргизген шартта Норвегиянын Шпицберген боюнча суверендүүлүгү таанылары айтылган эле.
Шейшемби күнү Володин Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетине Россия — Норвегия ортосундагы деңиз аймактарын ажыратып чек коюу жана Баренц деңизиндеги кызматташуу жаатындагы келишимди жокко чыгарып же токтотуп салуу боюнча маселени карап чыгууга тапшырма берген.
Анын жыйынтыгында Норвегия бийлиги 6-июлда Шпицбергенге россиялык поселоктор үчүн чек арада бир топ убакыт туруп калган азык-түлүк жана жабдуулар жүктөлгөн контейнерлерди өткөрүүгө аргасыз болгон.
Аляскадагы АКШнын Clear Air Force Station радиолокациялык станциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
"Кыйратуучу план керек": Пентагондун Аляскадагы шашылыш аракети
Жаңылыктар түрмөгү
0