Садыр Жапаров акча талап кылды деген судьяны иштен алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСот залы. Архив
Сот залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Судьялар кеңеши башкы прокурорго Турсункуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Бообек Турсункулов кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
19-апрелде УКМК Турсункулов айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча иштин оң жагына чечилиши үчүн 25 миң сом талап кылганын маалымдаган. Башкы прокуратура аталган фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Акча талап кылуу") боюнча каттаган.
22-апрелде Жогорку Соттун чечими менен Турсункулов Тогуз-Торо райондук сотуна иштөөгө жөнөтүлгөн.
Судьялар кеңеши башкы прокурорго Турсункуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Бишкекте судьянын жасалма диплом алганы айтылып, кылмыш иши козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0