Кытай ТИМи: НАТОнун билдирүүсү кылымдын тамашасы болду

© AP Photo / Andy WongКытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь. Архив
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2022
Жазылуу
ТИМдин өкүлү блоктун коргонуусун бомбанын символу катары сыпаттаган.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Twitter баракчасында Түндүк атлантикалык альянстын Югославия, Афганистан, Ирак жана Ливиядагы жасаган иштеринин кесепетин эске салды.
Анын минтип жазышына НАТОнун жогорку кызмат адамынын, тагыраагы, баш катчысы Йенс Столтенбергдин альянс коргонуу мүнөзүндөгү уюм деген билдирүүсү себеп болгон.
"НАТО — коргонуучу альянс? Кылымдын тамашасы болду", — деп жазган дипломат.
Мындан сырткары, ал блоктун коргонуусун бомбанын символу катары сыпаттаган.
2021-жылдын аягында Россия АКШ менен НАТОго өзүнүн коопсуздук кепилдиги боюнча келишимдин долбоорлорун жөнөткөн. Анда Москва НАТОнун чыгышты карай кеңейүүсүнө, Украинанын блокко кошулуусуна жана постсоветтик өлкөлөрдө аскерий базаларды орнотуусуна каршы экенин айткан. Мындан сырткары, сокку урчу куралдарын Россиянын чек арасына жакын жайгаштырбай, альянстын Чыгыш Европадагы күчтөрүн 1997-жылкы позициясына кайтарууну талап кылган. Бирок буга Вашингтон конструктивдүү жооп берген эмес.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан тарта Россия Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштаган.
РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
РФ Коопсуздук кеңеши: НАТО Европаны олку-солку кылып абалды чыңалтууда
Жаңылыктар түрмөгү
0