Кыргызстанда билим берүү уюмдары үчүн атайын портал түзүлдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Мында билим берүү мекемелери аккредитация, бош орун, байланыш номерлери жөнүндө маалымат баракчасын түзө алышат.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы билим берүү уюмдары үчүн "Билим" порталы түзүлгөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкөнүн бардык билим берүү уюмдары жөнүндө маалымат аталган порталда https://bilim.edu.gov.kg/ болот.
"Мында билим берүү мекемелери аккредитация, бош орун, байланыш номерлери жөнүндө маалымат баракчасын түзө алышат. Ошондой эле уюмдардын маалыматтары боюнча рейтинг түзүлүп, ал билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет", — деп айтылат билдирмеде.
Сайтты пайдалануу акысыз экени кошумчаланды.
Ноутбук менен иштөө учурунда медик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Анализ, тесттин жыйынтыгын, маалым катты онлайн алса болот. Министрлик сайт ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0