АКШ менен Россиянын аскерлери кайсы өлкөдө кагылыша кетиши мүмкүн?

© Фото / Tech. Sgt. Erik GudmundsonАмерикалык аскер кызматкерлери. Архив
Америкалык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Жазылуу
Сирияда жайгашкан эки армия ачык кастык кылбаса да, бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Мындай кырдаалда кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп кетсе эле иштин бүткөнү.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. АКШ менен Россия Сирияда согушуу зонасында бири-бирине өтө жакын болгондуктан, кагылышуусу мүмкүн. Бул тууралуу Newsweek журналындагы макалага таянып РИА Новости жазды.
Автордун пикири боюнча, Чыгыш Европадагы кризис жана өлкөлөрдүн ортосундагы конфронтациянын курчушу согушту күчөтмөкчү.
"Бул ой кимди гана болбосун чочулатат. Анткени Вашингтон менен Москванын ядролук арсеналдары дүйнөнү бир нече жолу жок кылып ийүүгө жетет", — деп жазды автор.
Сирияда жайгашкан эки армия ачык кастык кылбаса да, бири-бирине өтө жакын жайгашкан. Мындай кырдаалда кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп кетсе эле иштин бүткөнү.
Журналисттин пикири боюнча, коркунучту Америка Кошмо Штаттары акыл-эстүү саясат жүргүзгөн учурда гана жокко чыгарууга болот. Ошондой эле макалада Американын куралдуу күчтөрүнүн Араб өлкөсүнөн чыгып кетиши дагы маселени чечүүгө жардам берери айтылат.
Американын мурдагы президенти Дональд Трамп 2016-жылы шайланганга чейин эле Сириядан аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берип, 2018-жылы декабрда аскерлер чыгарын айткан. Бирок андан кийин ал мунай кендерин коргоо үчүн контингент керек экенин айтып, кайтарып койгон. Дамаск бул аракеттерди оккупация деп эсептейт.
Атайын күчтөрдүн машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
ИИМ: Сирияга эки жылда 2 млн. рублден ашык акча жөнөткөн адам кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0