Кыргызстандык спортчулар парадга кийчү форманын дизайны тандалды. Сүрөттөр

© Фото / Департамент физической культуры и спортаКыргызстандык спортчулар парадга кие турчу форманын дизайнын тандаган сынак жыйынтыкталып, аны Baira бренди жеңди
Кыргызстандык спортчулар парадга кие турчу форманын дизайнын тандаган сынак жыйынтыкталып, аны Baira бренди жеңди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Жазылуу
Сынакта жети катышуучу ат салышкан. Конкурстун экинчи этабында формалар эл сынына коюлган.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар парадга кие турчу форманын дизайнын тандаган сынак жыйынтыкталып, аны Baira бренди жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Сынакта жалпы жети катышуучу спорттук-параддык форманын дизайнын сунуштаган. Конкурстун биринчи турунда атайын комиссия бардык катышуучулардын эмгектерин көрүп чыгып, ылайыктуу келген дизайнды тандаган.
Сынактын экинчи турунда социалдык тармак аркылуу элдин назарына коюлган. Ага добуш берүү 31-майда аяктаган.
Натыйжада сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:
Baira (улуттук форма) — 3 411 добуш;
Baira (спорттук экипировка) — 2 624;
Элвира Султангазиева (улуттук форма) — 2 555;
Mantis (спорттук экипировка) — 1 043;
Асема Кубанычбекова (спорттук экипировка) — 623;
JOMA (спорттук экипировка) — 188;
Адеми Арт (улуттук форма) — 159.
Спорт департаменти экипировканын дизайнын спорттук федерациялардын өкүлдөрү менен талкуулап жатат. Сунуш-пикирлерди эске алуу менен аны тигүүгө тендер жарыялана турганы белгиленди.
Спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Кыргызстандык 15 спортчу ЭОКтон стипендия алмай болду. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0