Жапаров Мамкурулуш агенттигинин директорун алмаштырды

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Нуртазин Жетыбаев
Нуртазин Жетыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
Жетыбаев буга чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анын ордуна Нуртазин Жетыбаев дайындалган. Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону айтылды.
Жаңы келген директор Жетибаев 2021-жылдын декабрь айынан бери президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан. Мурда курулуш компанияларда директор болуп иштегени да маалым.
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын директору Айнура Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси алмашты
Жаңылыктар түрмөгү
0