20-июнда Бишкектин айрым бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр автоматтары. Архив
Электр автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
Бул күнү электр монтаждоочу бригадалар жабдууларды оңдойт.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү, 20-июнда, Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы жок болорун "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Бул күнү электр монтаждоочу бригадалар жабдууларды оңдойт.
Өчүрүү графиги:
9:00дөн 17:00гө чейин — Токтогул көчөсүндөгү №187 үй, Ахунбаев, Шакиров, Малдыбаев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү, Аламүдүн району, Маевка айылы;
9:30дан 17:00гө чейин — 6-кичи райондогу №16 үй, Орозбеков, Ленинградская, Панфилов, Тельман көчөлөрү жана Донская кууш жолунун айрым бөлүктөрү;
9:00дөн 18:00гө чейин — Ынтымак, Арча-Бешик жаңы конуштары (Тогузак, Сыдыгалиев, Садырбаев (Бах), Дэн Сяопин, Садыгалиев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү. Ошондой эле Бурулдай, Базар-Коргон, Жалал-Абад, Кемин, Темировка көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү;
9:30дан 18:00гө чейин — Токомбаев көчөсү, 5-кичи райондун №1-3, 6, 7, 1/1, 2/1, 3/1, 4/1, 4/1А, 4/2, 7/1 үйлөрү.
Электр подстанциясында жогорку вольттуу электр линиялары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
500 млн. доллар кетет. Кыргызстанда электр станциясын куруу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0