Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тилегенов: дирижёрлук абдан оор кесип, өмүр бою окушуң керек

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин эл артисти, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин жана симфониялык оркестринин башкы дирижёру, профессор Бакыт Тилегенов
КРдин эл артисти, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин жана симфониялык оркестринин башкы дирижёру, профессор Бакыт Тилегенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
КРдин эл артисти, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестринин жана симфониялык оркестринин башкы дирижёру, профессор Бакыт Тилегенов дирижёр болуп калышына атасынын эжеси себепкер болгонун айтты.
Атам эжеси экөө балдар үйүндө өскөн. Эжем Мураталы Күрөңкеев атындагы училищеге тапшырып, окууга өткөн экен. СССРдин эл артисттери Болот Миңжылкыев, Токтонаалы Сейталиевге музыка дүйнөсүн таанытып, үйрөткөн эжем болуптур. Ошол кезде ал опера жана балет театрында хор бөлүмүндө иштечү. Бул тууралуу Бакыт Тилегенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтып берди.
Тилегенов: дирижёрлук абдан оор кесип, өмүр бою окушуң керек
Маэстро дирижёрлук абдан оор кесип экенин, баштаган соң өмүр бою изилдеп, окуу керектигин белгиледи.
"Эжем өргүүдө дайыма айылга келчү. Ал келгенде биз, бизден өтүп кошуналар жыргачу. Себеби таттуу, алма-өрүгүн кошо ала келип, коңшулар менен ынтымактуу болуп, тамак даяр болгондо дубалды кашык менен чаап койсо, балдары келишчү. Эжем комуз менен ырдап калчу. Бир күнү комузун алып, чертип көрсөм, эжем дароо дараметимди байкап, мени окууга алып кетмек болду. Атам каршы болсо, эжем "апей, жаман тууганым, сен бир балаңды айдоочу кыл, дагы бирөөсүн ашпозчу кыл, бирин дарыгер кыл, менин бир балаңа укугум бар" деп койду. Биз 10 бир тууган элек да. Шаардан Мукаш Абдраев атындагы окуу жайга окутуп койду. 8-классты бүткөндө ооруп калып, атам кайра айылга алып кетти. Кийин окуумду улантайын десем, атам так кесе окубайсың деп койду. Анан бир күнү айылдан качып келип, Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеге тапшырып, фагот үйлөмө аспабын окуп бүтүрдүм. Бул менин жүрөгүмдөгү кесип болуп калды. 3-курстан 5-курска чейин маэстро Асанкан Жумакматовдун оркестринде эки жыл иштедим. Училищени бүтөрүм менен эжем менин көз алдымда болсун деп оркестрге жумушка орноштуруп койду. Союз кулагандан кийин ар кайсы жактан билим алып, окуусун бүтүрүп келген дирижёрлор иштей алган жок. Ал учурда байма-бай сынактарга катышып, ысымым таанылып калган кез. Ошентип дирижёрлук кесипти мага беришти. Биринчи жолу Амировдун "Миң бир түн" балети менен чыктым. Ошол кезде бийчи Айсулуу Токомбаева "жаш дирижёрдун иштегени жакты, мага абдан жеңил болду" деп мактаган эле. Демек, ак эмгек менен бийиктикке чыксаң, эч качан кулабайсың, эч ким кулата албайт. Муну мен дайыма айтып келем", — деди Тилегенов.
Музыкант буга чейинки алп дирижёрлор өзүнүн артына окуучу калтырбаганын айтып, учурда ал жаш дирижёрлорду даярдоону да кошо алып кетип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0