Бишкекте газ өчсө, электр жарыгына күч келбейби? "Түндүк электрдин" жообу

© Фото / пресс-служба ОАО "Северэлектро""Түндүк электр" ишканасы. Архив
Түндүк электр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
20-июндан тарта бир айга чейин шаардын борбордук бөлүгүндө көгүлтүр от жок болот.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ордо калаада бир айга газдын өчүрүлүшү электр түйүндөрүнүн ишине күч келтирбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкектин ири бөлүгүндө газ бир айга өчүрүлө турганын билдирген.
Газ жок боло турчу район Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева (Ала-Арча дарыясы), Малышев, Касымалы Баялинов (ЧЧК), Журнал көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелет.
Ишкана эскирген газ түтүктөр менен орнотулган жабдуулардын алмаштырыларын, бул күз-кышка кам көрүлө турган иш-чаралардын бири экенин белгилеген.
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Жапаров: Кыргызстан Кытайга электр кубатын сатууга ниеттенип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0