Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттешине канча билет сатылды

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстан менен Сингапурдун беттешинде трибунадагы күйөрмандар
Кыргызстан менен Сингапурдун беттешинде трибунадагы күйөрмандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
Азия кубогуна тандоо этабынын финалдык туру бүгүн, 14-июнда, саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук оюнуна 12 миң билет сатылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Белгилей кетсек, Азия кубогуна тандоо этабынын финалдык туру бүгүн, 14-июнда, саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Чыгыш жана батыш трибунада болгону 500 орун калганы айтылды. Кыргыз футбол союзу буга чейин жабык болгон түштүк трибунага да билеттер сатыла баштаганын билдирди. Билет баасы — 500 сом. Ал жакта 3 500 орун бар.
Кыргызстан курама командасынын Сингапур жана Мьянма менен беттешкен оюндарына жети миңдей күйөрман келген. Аренага жалпы 18 миң көрүүчү батат.
Буга чейин Кыргыз футбол союзу күйөрмандарды ачууга алдырбай ата мекендик оюнчуларды жакшылап колдоп, атаандаштарын сыйлоого чакырган.
Беттеш "КТРК Спорт", Kyrgyz Sport TV телеканалдарында жана алардын соцтармактагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Мындан тышкары, "Акнет", "Мегалайн", "Неотелеком" кабелдик түйүндөрүнөн көрсө болот.
Эски аянтта, Өкмөт үйүнүн алдында саат 19:00дө LED-экран менен фан-зона уюштурулат. Ошондой эле Ош жана Жалал-Абаддын борбордук аянттарына да футбол көрүү үчүн чоң экрандар коюла турганы кошумчаланды.
Эске салсак, F тайпасында төрт команда бар. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Сингапур жана Мьянма. Алты топтун бардык жеңүүчүлөрү жана өз тайпасында экинчи орунду алган алты команданын бешөө континенталдык чемпионатка барат.
Бул тайпада Кыргызстан менен Тажикстандын командалары экиден жеңишке жетип, алдыда келе жатышат. Дагы бир жеңишке жетсе кыргызстандыктар автоматтык түрдө биринчи орунга чыгып, кийинки этапка жолдомо алат. Ал эми жеңилип калса өз тайпаларында экинчи орун алган башка командалардын көрсөткүчтөрүнөн көз каранды болот.
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү кайрадан жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0