Көлдүн Григорьевка айылында 20 жылдыктар жалгыз бой энеге үй салууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ДУМККөлдүн Григорьевка айылында жалгыз бой энеге үй салууда
Көлдүн Григорьевка айылында жалгыз бой энеге үй салууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Эки бөлмөлүү үйдүн курулушу күзүндө аяктап калат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү там салууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ДУМКСтроительство дома для матери-одиночки в селе Григорьевка
Строительство дома для матери-одиночки в селе Григорьевка  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Ысык-Көл районунун имамы Максат ажы Сейталиевдин айтымында, эки бөлмөлүү үйдүн курулушу күзүндө аяктап калат.
"Демилгени мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр көтөрүп, каражатты ысырапкорчулукка жол бербестен кайрымдуулукка жумшоо чечимин кабыл алышкан", — деди Сейталиев.
Буга чейин Нарын шаарынын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү аталган калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үй белек кылышкан.
Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Бишкекте ата-энеси жок алты бала прокуратуранын жардамы менен үйлүү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0