Байге фонду 200 миң сомдон жогору. Бишкекте түнкү жарыш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги түнкү жарыштын катышуучулары. Архив
Бишкектеги түнкү жарыштын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Түнкү чуркоо Бишкекте төртүнчү жолу өтүп жатат. Быйыл 2 миңден ашык катышуучуну чогултуу пландалууда.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекте бардык спорт сүйүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү Night Run 2022 жарышы болот. 18-июнь күнү саат 20:00гө белгиленген спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштуруп жатат.
Байге фонду – 208 миң сом.
"Түнкү чуркоо Бишкекте төртүнчү жолу өтүп жатат. Быйыл 2 миңден ашык катышуучуну чогултуу пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт. Уюштуруучулар коомдук жана жеке транспортторго тоскоолдук жаратпаш үчүн жолдун бир тарабына гана чектөө киргизилерин айтышты.
Марафондун катышуучулары тандаганына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат. Мындан сырткары, айрым компаниялар Ekiden командалык эстафетага катышып, жыл сайын өтүүчү кубок үчүн таймаша алышат. Ошондой эле "Аймактык" онлайн-жарыш дагы өткөрүлөт.
Байге фонду үчүн 21,1 чакырым аралыкка жана Ekiden командалык эстафетасына катышкандар ат салышат.
Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта ар бир катышуучудан түшкөн каражаттын 20 сому КР Улуттук Кызыл жарым ай коому аркылуу 10 жашка чейинки угуусу начар балдарга угуу аппараттарын сатып алууга жумшалат.
Night Run 2022 жарышына катышуунун шарттары жана баасын nomdsport.net сайтынан жана +996 554 60 07 07 телефону аркылуу билсеңиз болот.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын медиа өнөктөшү.
Международный марафон ШОС Run The Silk Road в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
22 өлкөнүн спортчуларын чогулткан марафон. Ысык-Көлдөн жайдары сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0