Зыяратчылардын алгачкы тобу ажылык сапарга 16-июнда кетет

© AP Photo / Amr NabilДжедда шаарынын аэропортундагы зыяратчылар. Архив
Джедда шаарынын аэропортундагы зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлүнгөн.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабия Падышалыгынын Медина шаарына 16-июнда учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
"Ар бир топто 405 зыяратчы болуп, аларды сегиз ажы башчы коштоп бармакчы. Акыркы тобу 22-июнда жөнөмөкчү", — деп айтылат билдирмеде.
Эске салсак, Сауд Арабия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн.
Эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Ажыга барчулар COVID, сасык тумоо, менингитке каршы вакцина алууда. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0